Өлкө тууралуу маалымат

Өлкөнүн расмий аталышы - Улуу Британия (УБ) жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу.

Аянты - 244,820 миң кв.км. 

Калкы - 67,9 млн. адам (2021-ж.карата). Англия (84%), Уэльс (4,8%), Шотландия (8,3 %) жана Түндүк Ирландия (2,9%).

Этникалык курамы  - англистер (76%), шотландыктар (5,8%), ирландыктар (1,9%), валлийликтер (3,1%), индиялыктар (2,3 %), пакистандыктар (1,8%), поляктар (0,9%), бангладештиктер (0,7%), кытайлыктар (0,5%), арабдар (0,4%), КМШ өлкөлөрүнөн келгендер (0,3%), ирандыктар (0,1%), башка улуттар (6,1%).

Борбор шаары - Лондон (чет жактары менен – 14 млн. адамга чейин). Ири шаарлары: Манчестер (2,55 млн.адам), Бирмингем (1,14 млн.адам), Лидс (809 миң адам), Глазго (635 миң адам).

Административдик-территориалдык бөлүнүшү - Англия – 9 регион, 48 церемониалдык графствосу, 83 борбордук жана борбордук эмес графстволор, 326 округу, болжолу менен 4500 жараандык округ; Уэльс – 22 негизги район (алардын ичинен 11и графство статусуна ээ, 11 – графстволук округдар), 6 шаары; Түндүк Ирландия – 26 округ, 2 шаары; Шотландия – 32 муниципалдык облус. Өз алдынча административдик-территориялык бирдик болуп Мэн аралы, Гернси жана Джерси аралдары  эсептелет.

Улуттук майрамы – Монархтын туулган күнү. Майрамдын так күнү жылына Өкмөттүн чечими менен аныкталат: адатынча, июнь айынын биринчи жарымынынын ишенби күндөрүнүн бири.

Мамлекеттик тили - англис. Башка тилдер – валлий (болжолу менен Уэльс калкынын 26%зы), шотланд, кельт (болжолу менен Шотландиядагы 60 миң адам). 

Мамлекеттик дини – англикандык чиркөө (27 млн. адам) Англияда жана Уэльсде (чиркөөнун башчысы – монарх (падыша), пресвитериандык Шотландияда (башында – Генералдык ассамблея, анын ичине  диний кызматкерлери жана жөнөкөй жараандар киришет), римдик-католикалык – 9 млн. адам, мусулмандар – 1,6 млн. адам.

1931-ж. тартып Бириккен Королдугунун айланасында Шериктештик түзүлдү (Commonwealth), анын ичине УБ менен тарыхый байланышы болгон 54 көз карандысыз мамлекет кирет. Лондондун көзөмөлү алдында 15 «деңиздик территориялар»  калууда – алар, негизинен, чоң эмес, калкы болжолу менен 190 миң адамга чейин жеткен аралдар. 

Улуу Британия  – Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү; Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун, жана Европа Кеңешинин катышуучусу; Түндүк-Атлантикалык Келишим Уюмуна кирет, “7 Топтун” мүчөсү, Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна жана “20 Тобуна” кирет.

Мамлекеттик түзүлүшү – Парламенттик Монархия.

Уулу Британиянын Падышасы - Карл III (2022-ж. 8-сентябрынан тартып). 

Парламент Мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелип, Лорддордун Палатасы (766 мүчө) жана Жамааттардын Палатасынан турат (650 депутаттан турган шайлануучу орган, беш жыл мөөнөтүнө шайланышат). 2019-ж. 12-декабрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгында, Жамааттардын Палатасындагы орундар төмөндөгудөй бөлүндү: консерваторлор – 365, лейбористтер – 203, либерал-демократтар – 11, Шотланддык Улуттук партия – 48,  Демократиялык Юниондук партиясы – 8, башка партиялар – 15 орунга ээ болушту.

Өкмөт, адатынча, шайлоонун жыйынтыгында Жамааттар Палатасында көбүнчө орунду жеңип алган, же депуттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон партиянын лидери тарабынан куралат; министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, министрлер кабинетине кирбеген министрлерден, жана кичи министрлерден турат (жалпысынан, болжолу менен 100 адам).

Премьер-министр – Риши Сунак (туулган жылы - 12.05.1980 ж.), бул кызматта 25.10.2022-ж. бери; Тышкы Иштер министри – Дэвид Кэмерон (туулган жылы - 9.10.1966 ж.), бул кызматта 13.11.2023-ж.бери.

Укук системасы – Римдик жана азыркы учурдагы Европалык укуктун элементтери кошулган прецеденттик укук. 

Сот бийлиги – Жогорку Сот (2009-ж чейин мурунку Лорддор Палатасынын Сот Коллегиясы); Англиянын жана Уэльсдин жогорку соттору, ошондой эле Түндүк Ирландиянын, жана Шотланддык Сессиялык соттору.

Негизги саясий партиялар- Консервативдик партия. Консервативдик партиясы 1867-ж.уюшулган. Болжолу менен 200 миң мүчөдөн турат. Партиянын лидери – Риши Сунак.

Лейбористтик партия – негизги оппозициялык партия. 1890-ж. түзүлгөн. Болжолу менен 552 миң мүчөдөн турат.

Либералдык-демократиялык партия, 1988-ж. Либералдык жана Социал-демократиялык партияларынын кошулуусунун негизинде уюшулган.

Шотланддык Улуттук партиясы – Левоцентристтик Саясий партия, Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшөт. 1934-ж. Шотланддык Улуттук партиясы менен Шотланддык партиясынын кошулуусунун негизинде түзүлгөн. Болжолу менен 103 миң мүчөдөн турат.

Уэльс партиясы (Plaid Cymri) - аймактын автономиясын кеңейтүүнү көздөгөн Уэльстеги Саясий партия. 1925-жылы негизделген. 11,5 миң мүчөсү бар.

Улуу Британиянын Көз карандысыз партиясы – саясий партия, УБнын ЕУнун мүчөлүгүнөн чыгуусун талап кылат, консервативдик жана популисттик көз карашта. 1993-ж. түзүлгөн. Болжолу менен 39 миң мүчөдөн турат. 

“Жашылдар” Партиясы – Англияда жана Уэльсде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн саясий партия. 1990-ж. түзүлгөн.

Демократиялык Юниондук партиясы – саясий партия, штаб-квартирасы Белфаст шаарында. 1971-ж. уюшулган.

«Альянс» партиясы – Британдык Либералдык саясий партия, штаб-квартирасы Белфаст шаарында, юнионизм, ошондой эле ирландиялык улутчулдук идеологиясынан алыс. 1970-ж. түзүлгөн.

«Шинн Фейн» партиясы – Ирландиялык Саясий партия, социалисттик көз карашта жана Бирдиктүү Ирландия үчүн күрөшөт. 1905-ж. түзүлгөн.

Социал-демократиялык жана Лейбористтик партия – Түндүк Ирландияда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн саясий партиясы, ирландиялык улутчулдук жана социал-демократиялык идеяларды колдойт. 1970-ж. түзүлгөн.

Улуттук валюта – англиялык фунт стерлинг.